Энекебай, оо ыйыгым, ыйыгым, Энекебай, оо кутманым уюгум. Агып келип тамырыңдан алтымыш, Алтын өмүр бешигиңден уюдум. Сен көз жумсаң унутаармын жыл чыдап, Мен көз жумсам көз өткөнчө буркурап. Апакебай кара чачың куу болоор, Кош эмчегиң алмак-салмак зыркырап, Энекебай, билем туям эмгегиң, Энекебай, өмүр жашың мен жедим. Кантип мени карыш жолго узатсын, Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгеним. Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгеним, Кирпик какпай канча жолу термедим. Татыбайт го минуталык толгооңо, Менин Күндү алып келип бергеним.