Шактарын ачкан гүлдөрдөй Шамдарын жаккан түндөрдөй Шаанисин эстейм шаттыктын, ий Шаңк этип өзүң күлгөндөй Ак нурум - сен, ак сулуум - сен Жандандырып өмүрүмдү Жарык кылып көңүлүмдү Жан ыргагы өзүң бол Өргүбөй өткөн күндөрдөй Өмүрлөр өтөр бир келбей Түгөнбөй ойдун түйүнү, ий Түн узак кирпик ирмелбей Жалжалым - сен, жандаарым - сен Алыстатпа жаштыгымды Арнап турган жакшы ырымды Атар таңым өзүң бол Алыстап улам карабай Алдаба мени баладай Азгыра берет элесиң, ий Арманым болуп тарабай Караарым - сен, кайдасың сен? Карааныңды каркырадай Сапар тартып бараткандай Сагынарым өзүң бол