Жанымда болбосоң, жүрөгүмдө сен барсың Карагатай көздөрүңө берилип сагынып кусага батамын арбалып мен дайым Көз алдымда болбосоң, оюмда сен барсың Эгерде көрбөй калсам, сен жөнүндө ырлар жазам Кайда барсам, кайда жүрсөм сен деймин Кайда барсаң мен сени эңсеймин Таалайыма белек болуп келгенсиң Кыялымда сени жанга бербеймин Жаз келет жашоомо жылмайсаң Күлкүң дем берет жыргасаң Колумду коркпой кармасаң Боломун жакын баарынан Кыялдансам э-эй Көз алдымда сеен Элесин эң назик сезимдер мага тартуулай Көңүлүм бөлүнүп өзүңө гана тартылат Жүзүң көрсөм, мм-мм Жүрөгүм толкуп, мм-мм Тура албаймын, жанып жайдары көздөрүм Бара албаймын, байланып менин сөздөрүм Кызыгып көздөрүмдүн кыры менен сага карайм Сүйүмдү арнаганым ырлар менен сага далай Башкасын карабадым жалгыз гана сени тандайм Кызарып кызганамын кимге билбейм сени далай А бирок деги сен да мени, сен мени сен мени Сен да мени, сен мени сен мени Байкайсыңбы? Мен сени жактырам Мен сени жактырам Мени сени,мен сени Мен сени жактырам (Жактырам,жактырам) ♪ Кучагыңа меен Курчалсамбы, деейм Асылып мойнуна, кысылып койнуңа, кармасам Жакшыда жаманда бир болуп, сени жандасам Сезесиңби сеен Сүйүү демин мендеги Неге мынча жактырамын, биле албадым Неге мынча жаным сага жалындадым Кызыгып көздөрүмдүн кыры менен сага карайм Сүйүмдү арнаганым ырлар менен сага далай Башкасын карабадым жалгыз гана сени тандайм Кызарып кызганамын кимге билбейм сени далай А бирок деги сен да мени, сен мени сен мени Сен да мени, сен мени сен мени Байкайсыңбы? Эгерде "жаным" десең Сени менен жылдыздарды аралаймын Эгерде "жаным" десең Сени менен кыялдарды мен курамын Менин сүйүүм менин жарымымсың Күн нурундай менин жарыгымсың Жүрөгүмө сен так калтырып Шок жүрөктү сен багынтырдың Күндүзү күнүм болуп келесиңби? Түнүмдө айым болуп бересиңби? Өзүң болуп калдын мага керегимсин Сунамын аруу сүйүү сезесиңби? Жаз келет жашоомо жылмайсан Күлкүң дем берет жыргасаң Колумду коркпой кармасаң Боломун жакын баарынан Кызыгып көздөрүмдүн кыры менен сага карайм Сүйүмдү арнаганым ырлар менен сага далай Башкасын карабадым жалгыз гана сени тандайм Кызарып кызганамын кимге билбейм сени далай А бирок деги сен да мени, сен мени сен мени Сен да мени, сен мени сен мени Байкайсыңбы? Мен сени жактырам Мен сени жактырам Мени сени,мен сени Мен сени жактырам (Жактырам,жактырам) ♪ Сени жактырам