Kishore Kumar Hits

Gorod 312 - Эсимде - Kirghiz Lullaby Mix lyrics

Artist: Gorod 312

album: Без вариантов


Жайдын толук кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн,
Жайдары селки эсимде.
Өзүмдү сага берем деп,
Өмүрдүн гүлүн терем деп.
Сүйлөшкөн күндөр эсимде,
Турмуштун сырын тереңдеп.
Агарып тоодо таң аткан,
Суюлуп жылдыз бараткан,
Калды го бекен эсиңде,
Кыйышкан күлө карашкан.
Атыңды ойлоп андагы,
Көңүлүм сенден калбады.
Азыркы шайыр жаштардын,
Өзүңдөй болсун алганы.

Поcмотреть все песни артиста

Other albums by the artist

Similar artists